Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

Селден улам Лейлекке өзгөчө кырдаал режими киргизилди


Лейлектеги сел, 13-май, 2018-жыл.

13-май күнү Лейлек районунун аймагында катуу жаандан улам айрым айылдарда сел жүрүп, бир топ зыян тийгизген. Учурда Кулунду айыл аймагына жеткирүүчү кыян жууп кеткен көпүрөлөрдү айланып өтүүчү утурумдук жол калыбына келтирилип жатат. Техниканын аздыгынан улам райондогу жети миң калкы бар Ак-Суу айыл аймагына жол каттамы ачылбай турат. Аталган аймакка электр энергиясы да бериле элек. Учурда катуу жааган жаандын кесепети эсептелип жатканын атайын комиссия “Азаттыкка” кабарлады.

Жекшембиде кечке жуук жүргөн сел Лейлек районундагы бир нече айылдарда таза суунун түтүктөрүн, жолдорду, ички арыктарды жана электр линияларын жарактан чыгарган. Суу айдоо аянттарын жууп, бир нече баш малды агызып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ак-Суу айылы менен Каракамар айылын байланыштырып турган ички чарбалык жолдун 4 чакырым бөлүгүн сел суусу жууп кетип, жол каттамы жабылган. Ак-Суу айылынан 7 бодо малды жана 2 электр мамычасын сел агызган.

Бүгүн, 14-майда өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов кырсык болгон аймактарды көрүш үчүн Лейлек районуна барат. (JsA/КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG