Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тараткан маалыматка караганда, 13-майда катуу жааган жамгырдан улам Өзгөн районундагы Кандава каналынан суу ашып, 15 үйдүн короосун, 1 үйдүн жертөлөсүн суу каптады. Мындан сырткары Тынчтык айылында 3 үйдүн короосун суу каптаган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмү, райондук жарандык коргонуу комиссиясы, 1 жүктөгүч, өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган. Ушул эле күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ак-Турпак каналынан суу ашып, 12 үйдүн короо-сарайына жана 1 үйдүн полуна чейин кирген.
Окуя болгон жерде ӨКМдин Кара-Кулжа райондук бөлүмү жана Жарандык коргонуу комиссисы иш алып барууда. Селдин кесепеттери эсептелип жатат. (КЕ)