Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:04

Сапар Исаков УКМКга дагы суракка барат (видео)


Сапар Исаков УКМКга сурак берүү үчүн экинчи ирет чакырылды.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыкты. Үч сааттай атайын кызматтын имаратында болгон Исаков журналисттерге "тергөөнүн купуялуулугу үчүн" маалымат бере албасын айтты. Ал 14:30да УКМКга кайра барарын кошумчалады.

УКМКга кирип баратып Сапар Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы таза иштегенин, "Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланышы бар" деген адамдардын аты-жөнү толук айтылбай, саясат болуп жатканын билдирген.

​Сапар Исаков атайын кызматка алгач 26-апрелде сурак берген. Эки сааттан кийин УКМКнын имаратынан чыккан Исаков журналисттерге ЖЭБди оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суралганын айткан.

10-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого Кытай берген 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулаган. Анда мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев жана Сапар Исаков баш болгон 30дай кишинин аты жазылып, саясий баа берүү жана алардын жоопкерчилигин кароо тууралуу сунуш айтылган.

КСДП партиясы 11-майда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ЖЭБге байланышкан комментарийин тараткан. Анда Исаков "парламенттеги талкуу - элди адаштыруу жана ЖЭБдеги авариянын чыныгы күнөөкөрлөрүнүн жоопкерчиликтен качуу аракети" деп билдирген. ​Мындан тышкары ал быйыл январдагы авария үчүн ЖЭБдин ошол кездеги директору Нурлан Өмүркул уулунан тартып мурдагы өкмөт башчы, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана өзү да жооптуу экенин белгилеген. (КЕ/ЕВМ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG