Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:34

Муфтияттын ишине нааразы болгондор басма сөз жыйынын өткөрүштү


Бишкектеги борбордук мечит.
Бишкектеги борбордук мечит.

Бишкекте Качкын Булатов жана Келдибек Аскаралиев баштаган бир топ укук коргоочулар Кыргызстандын муфтиятынын ишин сынга алып, ажылыкты уюштурууда коррупциялык көрүнүштөргө жол берилип жатканын айтышты.

- Биз жылда эле айтабыз, бирок жылда эле иш козголбойт, жаап коюшат. Эми быйыл да биз президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, кылмыш ишин аягына чыгарат деп ишенебиз, - деди Качкын Булатов.

Басма сөз жыйынын уюштургандардын бири, укук коргоочу Келдибек Аскаралиев муфтияттын өзүнүн комиссиясынын ишинен майнап чыкпай калганын айтып, "көз каранды эмес комиссия түзүлүшү керек" деген оюн “Азаттыкка” билдирди. Аскаралиев муфтиятка ажылык үчүн жылына 190 виза берилерин айтып, анын жүзү ажы башчыларына, 40 виза ажылык сапарга баргандарды коштоп жүргөн догдурларга берилерин, ал эми калган 50 визанын дайыны белгисиз экенин айтып, муфтияттан ошол орундар тууралуу ачык отчет берүүнү талап кылды.

Быйылкы ажылык сапардын баасы 2890 долларга бааланып, былтыркыдан 130 долларга кымбаттаган. Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлгөн. Бул былтыркыдан 640 орунга көп. Быйылкы зыярат август айына туш келет. Зыяратчылар ажылыкка июль айында жөнөй башташат. (KR)

XS
SM
MD
LG