Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

Абылгазиев селдин кесепетин ыкчам жоюуну тапшырды


Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев
Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Лейлек районундагы селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчыга жабыркаган үйлөрдү, социалдык объектилерди жана чарбалык маанидеги имараттарды калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматовдун маалыматына ылайык, Лейлек районунун беш калктуу пунктунда 11 турак жай жана 14 социалдык обьект зыян тарткан. Ал эми автоунаа өтүүчү 4 көпүрөнү сел алып кетиши мүмкүн болуп турат.

Ушу тапта бардык зарыл атайын техника жыйналып, министрликтин жана жергиликтүү калктан кеминде 200 адам ишке тартылган. Жабыркаган аймактарда электр жарыгын кошуу, жолдорду тазалоо, ошондой эле ичүүчү суу менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев калыбына келтирүү иштерин ыкчам аткарууну, ошондой эле алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышынан калкты коргоо жагынан чара көрүүнү тапшырды.

13-майдагы катуу жаандан улам Баткен облусундагы Лейлек районунун бир катар айылдарында сел жүрүп, көпүрө, жол, электр мамылары зыянга учурап, байланыш үзүлгөн. Мындан улам бул аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG