Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Пакистанда жоочулардын чабуулунан бир топ аскер курман болду


Ооганстан менен чек ара тилкесинде кароолдо турган Пакистандын жоокери.
Ооганстан менен чек ара тилкесинде кароолдо турган Пакистандын жоокери.

Пакистандын уруулар жашаган түндүк-батыш районунда согушкерлер армиянын кербенине кол салды. Коопсуздук күчтөрү кагылышуудан жети аскер өлгөнүн, согушкерлер окуядан кийин кошуна Ооганстандын аймагына житип кетишкенин кабарлады.

Куралдуу кагылыш Түндүк Вазиристан аймагында 13-майда болгон. “Талибандын” Пакистандагы канатынын өкүлү Мухаммад Хурасани тараткан билдирүүдө кол салууну алар уюштурганы айтылат.

13-майда да кошуна Ооганстандын Жалалабад шаарындагы өкмөттүк имаратты бутага алган жанкечтинин кол салуусунан 13 адам өлүп, 40тай киши жарадар болгон. Бул канды булоон үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу алды. Мындай маалыматты террорчул уюмдун "Амак" үгүт агенттиги таратып, бирок эч кандай далил келтирген жок.

XS
SM
MD
LG