Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:16

Сапар Исаков: мени камаганга негиз жок (видео)


Сапар Исаков. 14-май, 2018-жыл.
Сапар Исаков. 14-май, 2018-жыл.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак бергени кирип кетти. Ал журналисттердин суроосуна учкай жооп берип, өзүн камоого негиз жок экенин айтты. Буга чейин үч сааттай атайын кызматтын имаратында болгон Исаков журналисттерге "тергөөнүн купуялуулугу үчүн" маалымат бере албасын айткан.

УКМКга кирип баратып Сапар Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы таза иштегенин, "Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланышы бар" деген адамдардын аты-жөнү толук айтылбай, саясат болуп жатканын билдирген.

​Сапар Исаков атайын кызматка алгач 26-апрелде сурак берген. Эки сааттан кийин УКМКнын имаратынан чыккан Исаков журналисттерге ЖЭБди оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суралганын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG