Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Ирандын башкы дипломаты Сергей Лавров менен өзөктүк келишимди талкуулады


Мухаммад Жавад Зариф кесиптеши Сергей Лавров менен Москвада жолугууда. 14-май, 2018-жыл.
Мухаммад Жавад Зариф кесиптеши Сергей Лавров менен Москвада жолугууда. 14-май, 2018-жыл.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф өзөктүк келишимге кол койгон өлкөлөрдү кыдырууну улантып жатат. Бүгүн Москвада ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Орус маалымат агенттиктери кабарлагандай, Лавров документке кол койгон калган мамлекеттердин аны сактап калууга “мыйзамдуу кызыкчылыктары” бар экенин билдирди. Кечээ Бээжинге барып кеткен Зариф АКШнын президенти Дональд Трамп 2015-жылы түзүлгөн келишимден Вашингтон чыгаарын жарыялагандан кийин ага кол койгон өлкөлөр менен алдыдагы кадамдарды талкуулап жүрөт.

Москвадан кийин ал Британиянын, Франциянын жана Германиянын өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Брюсселге бармакчы. Ал арада Иран "европалыктар 45-60 күндүн ичинде "Тегерандын кызыкчылыктары корголот" деген кепилдик берүүгө тийиш" деген шарт койду.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. Бирок 8-майда АКШ көп тараптуу бул келишимден чыгарын жарыялап, өз кадамын документ Иранды өзөктүк куралга ээ болуудан токтото албай турганы менен түшүндүргөн. Келишимге кол койгон башка өлкөлөр аны сактап калуу ниеттерин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG