Мындай талап бүгүн Бишкекте жарандык коом өкүлдөрү, экологдор бак-дарактарды кыюуга каршы уюштурган “Биз тумчугуп баратабыз!” аттуу акция учурунда айтылды. Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев “Азаттыкка” билдирди.
- Бишкек мэриясынын жетекчилерине жана шаардык кеңештин депутаттарына ишеним көрсөтпөйбүз деп жатабыз. Ошондой эле мэрдин жана вице-мэрлердин кызматтан кетишин талап кылган өнөктүк баштайбыз.
Бүгүн Бишкек мэриясынын алдына чыккан 50дөй адам тал-теректерди кыюуну токтотууну, абанын булганышынын алдын алууну, шаарды таштандыларды тазалоону, Бишкектин архитектуралык жана инфраструктуралык келбетин бузбоону талап кылышты.
Ушундай талаптар жазылган кайрылуу президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге, шаардык кеңештин депутаттарына, Бишкектин мэри Албек Ибраимовго жиберилет.
Расмий маалыматка караганда, былтыр борбордо 3 миңге жакын бак-дарак кыйылган. Экологдор буга чейин Бишкекте абанын булганышы нормадан эки-үч эсе көп экенин айтып чыгышкан. (КЕ)