Алмаз Оңолбеков Мамлекеттик бажы кызматына жетекчи болуп дайындалды. Буга байланыштуу буйрукка бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Оңолбеков буга чейин “Түндүк” бажысын жетектеген. Бажы тармагында 1993-жылдан бери иштейт.
Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов өз ыктыяры менен кызматтан кеткени бүгүн белгилүү болгон. (КЕ)