Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Британ чалгын кызматы: Орусияны күчтүү эл аралык изоляция күтөт


Эндрю Паркер.
Эндрю Паркер.

Дүйшөмбү күнү европалык кызматташтары менен Берлиндеги жолугушууда Британиянын атайын кызматынын башчысы Эндрю Паркер ушундай билдирүү кыла турганы кабарланды.

Паркердин жолугушууда сүйлөмөкчү болгон айрым сөздөрүн “Рейстерс” менен “Блумберг” басылмалары жазды. Маалымат агенттиктеринин кабарына караганда, Паркер сөзүнүн көп бөлүгүн “Скрипаль ишинде” Москва эл аралык укуктук эрежелерди бузганына арнайт.

“Блумбергдин” жазганы боюнча, Паркер Орусиянын мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия “мурунтан ойлонулуп” жана “атайын” ууландырылган деп эсептейт. Андан тышкары, британ чалгын кыматынын башчысы Орусия “маалыматтарды болуп көрбөгөндөй бурмалоо” менен алектенген өлкө экенине көңүл бурмакчы. Паркер, жалпы эле британ бийлиги Скрипалдарды ууландыруунун артында Орусия турат деп эсептейт. Москва мындай дооматтарды бир канча жолу четке каккан.

Орусиядан тышкары, британ чалгын кыматынын башчысы Эндрю Паркер “Ислам мамлекети” террордук тобунун коркунучу тууралуу эскеркени турат. Анын пикиринде, радикал исламчылар Иракта жана Сирияда чегингенине карабай, олуттуу чабуулдар коюуга дагы эле алы жетет.

XS
SM
MD
LG