Орусиянын президенти Владимир Путин менен Армениянын жаңы премьер-министри Никол Пашинян бүгүн Сочиде жолугушту. Кездешүүдө Путин "Армениянын жаңы өкмөтүнүн тушунда Москва менен Еревандын кызматташтыгы мурдагыдай эле ыргакта өнүгөт" деп ишенээрин билдирди.
Владимир Путин Орусия Арменияны "экономикалык кызматташтык жаатында жана коопсуздук маселелеринде аймактагы жакын өнөктөшү катары карай турганын” белгиледи.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Орусиянын Сочи шаарына кечээ келген.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарларына караганда, Пашинян Сочидеги жергиликтүү армян чиркөөсүнө барып, ал жерде чогулган эл менен да жолугушту.
Буга чейин оппозицияда болуп келген Никол Пашинян бир айга чукул уланган нааразылык акцияларынан кийин, 8-майда өкмөт башчы болуп шайланган.