Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

КМТУнун лабораториясына анын негиздөөчүсүнүн аты коюлду


Сарбагыш Абдрахманов.
Сарбагыш Абдрахманов.

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) «Металлдардын эстутуму» илим изилдөө лабораториясына анын негиздөөчүсү, физика-математика илиминин доктору, ушул университеттин профессору Сарбагыш Абдрахмановдун ысымы берилди. Бүгүн окуу жайында буга байланыштуу салтанаттуу иш-чара өттү. Ага университеттин жетекчилиги, С.Абдрахмановдун кесиптештери, шакирттери катышты.

«Металлдардын эс тутуму» илим изилдөө лабораториясы - эстутуму бар материалдардын теориясын жана аны эсептөө усулдарын изилдөө боюнча Кыргыстандагы алгачкы жана бирден-бир илимий борбор болуп эсептелет. Бул лабораторияны С.Абдрахманов өмүрүнүн акырына чейин жетектеп келген.

Сарбагыш Абдрахманов 1943-жылы 12-январда ыйык Ысык-Көлдүн Темир айылында төрөлгөн. Ал катуу нерселердин майышуу механикасы, материалдардын каршылыгы, бекемдик жана ийкемсиздик, машина куруудагы конструкцияларды эсептөө боюнча белгилүү адис болгон. Илимдеги жетишкендиктери үчүн 1996-жылы Илим, билим, индустрия жана искусство эл аралык академиясынын (Калифорния, AKШ) академиги болуп шайланган. 1999-жылы ал КРдын Инженердик академиянын академиги, ал эми 2000-жылы Эл аралык инженердик академиянын академиги болуп шайланган. 2014-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.

Инженердик билим берүүнү өркүндөтүүдөгү чоң эмгеги үчүн 1999-жылы ага «Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген ардактуу кызматкер» деген наам берилген. 2005-жылы болсо ал Кембридж университетинин биографиялык борборунун “Дүйнөнүн алдыңкы мугалимдери” деген номинациясындагы эксклюзивдик тизмекке киргизилген.

Ал иштеп чыккан эстутуму бар материалдардын майышуу теориясы дүйнө жүзүндө таанылган. Маселен, анын илимий ачылыштары төрт томдуктан турган "Бүткүл орусиялык маалымдама" колдонмосуна киргизилген. Сарбагыш Абдрахманов 2017-жылдын 29-декабрында кайтыш болгон.

XS
SM
MD
LG