Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

15-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстандын Ат-Башы аймагындагы жаз мезгили.
Кыргызстандын Ат-Башы аймагындагы жаз мезгили.

Синоптиктердин маалыматына караганда, ушул күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын көп болот. Алар бийик тоолуу райондорго кар түшөрүн маалымдашты. Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында нөшөр болот. Мындай туруксуз аба ырайы 17-майга чейин созулат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

15-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метри түзөт, Нарын облусунда жана Ысык-Көл ойдуңунда 20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22,

Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21,

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 20...22 болот.

XS
SM
MD
LG