Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Майып балдарга белекке алынган чөнтөк телефондор уурдалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Атайын долбоордун алкагында майып балдарга арналып алынган 10 смартфон уурдалды. Бул тууралуу жарандык активст Айнагүл Абдрахманова өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Анын айтымында, ар бири 5820 сомго алынган чөнтөк телефондорду Исанов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бирөө машинадан уурдап кеткен.

- Ошто окуган майып балдар үчүн 10 телефон сатып алдым эле. Балдарды таштап коюш үчүн үйгө кирип, кайра чыкканда телефондорду таппай калдым, - деди Абдрахманова.

Жарандык активисттин айтымында, телефондорду сатып алыш үчүн атайын каражат топтолгон. Атайын долбоордун алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар IT академиясына өтүш үчүн эки ай бою компьютер пайдалануу курсун окушкан.

Бишкек милициясынын басма сөз катчысы Адыл Оморов арыз териштирилип, издөө салынаарын белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG