Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:40

Газа секторундагы кагылыштан 40тай адам мерт болду


Газа секторундагы кагылыш. 14-май, 2018-жыл
Газа секторундагы кагылыш. 14-май, 2018-жыл

АКШнын Иерусалимде элчилигин ачып жатканына каршы уюштурулган Газа секторундагы нааразылык акциясынын учурунда Израилдин күч түзүмдөрүнүн колунан кеминде 41 палестиналык мерт болду. Андан тышкары 500дөй адам жарадар болуп, 35ине ок тийген. Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме кылып кабарлады.

АКШ бүгүн, 14-майда Иерусалимде элчилигин расмий ачып жатат.

“Аль-Жазира” телеканалынын маалыматы боюнча, бүгүнкү жүрүштөргө болжол менен 10 миңдей палестин катышууда. Алардын айрымдары чек ара тосмолорун ашып өтүүгө аракет кылган.

Газа секторун 2007-жылдан бери башкарып жаткан исламчыл ХАМАС уюму акыркы алты жумадан бери нааразылык акцияларын уюштуруп келе жатат. Андан берки демонстрациялардан жалпысынан 58 киши курман болду.

Былтыр декабрда АКШнын президенти Дональд Трамп Америка элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүү тууралуу чечим кабыл алган. Анын чечимин араб өлкөлөрүнүн лидерлери, Европа Биримдиги катуу сынга алып, мусулман дүйнөсүндө нааразылык жаралган жана Израил-Палестин аймагында кагылышууларга түрткү болгон.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору деп эсептейт. Шаарды азыр толугу менен Израил көзөмөлдөгөнү менен эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына анын ээлигин тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG