Санкциялык тизмеге киргизилген адамдардын аты-жөнү Европа Кеңешинин сайтына жарыяланды. Ага Крымдын жана Севастаполдун шайлоо комиссияларынын жетекчилери кошулган. Ал эми Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузган деген себеп менен Еврошаркеттин “кара тизмесинде” учурда орусиялык 155 адам жана 40 компания бар.
Украин президенти Петро Порошенко санкциялык тизме ал Франция президенти жана Германия канцлери менен жакында жолугушкандан кийин кеңейтилгенин билдирди. Украинанын прокуратурасы Крымда добуш берүү өткөргөндөргө буга чейин эле кылмыш ишин козгогон. Киев шайлоо өткөргөндөрдү мамлекетке чыккынчылык кылды жана өлкө бүтүндүгүнө коркунуч жаратты деп санайт.
Крымда акыркы ирет добуш берүү 18-марттагы Орусиядагы президенттик шайлоодо болду.
Орусия Крымды 2014-жылы украин мыйзамдарына каршы өткөн референдум аркылуу аннекциялап алган. Ошондон кийин жарым аралды орусиялык аскерлер көзөмөлгө алган. Батыш мамлекеттери муну эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу деп эсептейт.
12-мартта Евробиримдик Кремлдин 2014-жылы Крымды аннекциялап алганына байланыштуу киргизген санкцияларын дагы жарым жылга узарткан. Москва аннекцияны аймактын “өз ыктыяры менен кошулуусу” жана “тарыхый адилетсиздикти калыбына келтирүү” деп атап келет.