Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:07

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин АКШдагы сапары башталат


Шавкат Мирзиёев менен Дональд Трамп жубайлары менен. Сентябрь, 2017-жыл. БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны.
Шавкат Мирзиёев менен Дональд Трамп жубайлары менен. Сентябрь, 2017-жыл. БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны.

Ак үйдө бүгүн Шавкат Мирзиёев менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусу белгиленген.

Мирзиёевдин 15-17-майдагы сапары Трамптын чакыруусу менен ишке ашканы турат.

Эки өлкөнүн президенттери Америка Кошмо Штаттары менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, соода, инвестиция, аймактык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды талкуулай турганы айтылган.

Мирзиёев Вашингтондо Конгрессте, Коргоо министрлигинде, Мамлекеттик департаментте жана Дүйнөлүк банкта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Жолугушуунун алкагында Мирзиёев менен Трамп "Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттары: стратегиялык кызматташтыктын жаңы доорунун башталышы" деген президенттердин биргелешкен билдирүүсүн кабыл алышы жана эки тараптуу кызматташтыкка байланыштуу бир катар документтерге кол коюшу күтүлүп жатат.

Президент Шавкат Мирзиёев буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп менен 2017-жылы сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына барган учурда кыска убакытка жолуккан.

Мирзиёевдин сапарынын алдында, 12-майда "Америка добушу" радиосунун өзбек кызматынын журналисти Навбахор Имамова Өзбекстанда журналисттик иш жүргүзүү үчүн аккредитациядан өткөн.

XS
SM
MD
LG