Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 19:43

Манасбек Арабаев кызматынан бошотулду


Манасбек Арабаев.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Арабаев ээлеген кызматынан “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде бошотулду.

Буга чейин Манасбек Арабаев бир катар соттук иштерге киришери басма сөздө айтылып келген. Мурдагы судья Максуда Оморова кызы Гүлчехра Оморованы судьялык кызматтан мөөнөтүнөн мурда алынганы үчүн Арабаевди "сот чечимдерине, кадр саясатына кийлигишет" деп күнөөлөгөн. Арабаев бул айыптоолорду четке каккан. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (32)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG