Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

“Нарын ГЭС” мекемесинин жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты (видео)


Нааразылык акциясына чыккан "Нарын ГЭС" ишканасынын жумушчулары.
Нааразылык акциясына чыккан "Нарын ГЭС" ишканасынын жумушчулары.

Токтогул районундагы “Нарын ГЭС” ачык акционердик коомунун 50дөй кызматкери 2014-жылдан бери айлык акысын толук ала албай келгенин айтып, 15-майда нааразылык акциясына чыгышты.

Алардын бири Эркин Суванкулов мекемеде 1997-жылдан бери иштеп келгенин айтып, жумушчулардын алды 500 миң сом, аркасы 100 миңге чейин аласасы бар экенин билдирди:

- “Нарын ГЭС” ишканасы салыкка сегиз миллион сом, электрге 40 миллион сомдой карыз экен. Кыштан бери үч жолу митинг уюштурдук. Каракөл шаарынын депутаттары менен да жолуктук, бирок эч майнап чыккан жок. 2014-жылдан бери айлыкты убагында ала албайбыз. Иш токтоп турат.

Мекеменин башкы жетекчиси Нурмамбет Жекшеев бул акцияны митинг деп айтууга болбой турганын айтып, жумушчулардан уюшулган топ жакында бул маселени чечиш үчүн Бишкекке бараарын “Азаттыкка” билдирди:

- Бул менин өзүмдүн демилгем болчу. Айткам, "эртең барып жолугалы. Андан кийин мен өзүм силерди Бишкекке алып барып келейин" деп. Азыр "Улуттук энергохолдингдин" башкы директору жок, биздин ишибиз да токтоп турат.

“Нарын ГЭС” ачык акционердик коому - Кыргызстанда гидроэлектр станцияларды куруучу жалгыз ишкана.

XS
SM
MD
LG