Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Ошто асынып алган жигиттин өлүмү боюнча иликтөө башталды


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарынын Озгур айылында асынып өлгөн 23 жаштагы жигиттин өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Райхан Абдразакова "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, маркум Аскар Касымбеков өз үйүнүн бүтө элек бөлмөсүндө жип менен асынып өлгөн. Ал ошол күнү Жалал-Абад шаарына тойго барып келгени, эч кандай кат жазып калтырбаганы такталды.

Жигит өз жанын кыйган учурда апасы үйдө болгон эмес. Туугандары маркумдун сөөгүн экспертизага бергенден баш тартып, эч кимге доосу жок экенин билдиришкен. Ага карабай тергөө уланууда.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 15-майда жерге берилет. (ErN)

XS
SM
MD
LG