Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Килауэа жанар тоосу атылып, жергиликтүү тургундар жабыркады


Килауэа жанар тоосунан чыккан коюу түтүн. 3-май, 2018-жыл. 
Килауэа жанар тоосунан чыккан коюу түтүн. 3-май, 2018-жыл. 

Гавайи аралынын бийлиги эки жумадан бери тынбай атылып жаткан Килауэа жанар тоосунан улам миңдеген тургундарды коопсуз жайларга көчүрүүнү караштырып жатат. Соңку маалыматка ылайык, жанар тоодон агылган ысык лава бери дегенде 40тай үйдү кыйраткан. Автожолдордо жаракалар көбөйдү. Ушундан улам тургундарды көчүрүү кыйынчылык жаратышы мүмкүн экени да айтылууда. Өткөн аптада Леилани-Эстейтс аймагынан эки миңден ашуун киши чыгарылган.

Кошмо Штаттардын Геология кызматы кабарлагандай, учурда жанар тоодогу 20дай жаракадан лава агып жатат. Килауэа дүйнөдөгү аракеттеги жанар тоолордун бири болуп саналат жана эксперттердин айтымында эгер атылуу токтобосо глобалдык катастрофа жаралышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG