Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:20

Түркиядан 8 кыргыз жараны сойкулукка айыпталып, өлкөдөн чыгарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Айдын провинциясында 28 чет элдик жаран сойкулукка жана сойкулукту уюштурууга байланыштуу айыпталып кармалган. Алардын сегизи Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү кабарлады.

Кармалган 28 кишинин бешөө Грузиянын, алтоо Өзбекстандын, сегизи Казакстандын, бири Армениянын жараны болуп чыккан. Алардын баары Айдын провинциясынын миграция иштери боюнча облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Айыпталгандар 8-9-майда кармалганын Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги да ырастады. Алардын документтери текшерилген соң, сегиз жарандын баары Кыргызстанга 10-майда депорттолгон. (KR)

XS
SM
MD
LG