Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:46

Соростун «Ачык коому» Будапешттен Берлинге көчөт


Дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдардын бири, филантроп Жорж Сорос.

Америкалык филантроп Жорж Соростун “Ачык коом” институту Будапешт шаарынан Германиянын баш калаасы Берлинге көчөт.

Фонддун билдирүүсүндө мындай чечимге премьер-министр Виктор Орбандын партиясы шайлоодо жеңгенден кийинки Венгриядагы “кысымчыл саясий жана укуктук кырдаал” түрткү болгону айтылат. Венгриянын премьери Сорос каржылаган институттарды катуу сындап жүргөнү белгилүү.

"Сорос" фонду өз чечимин жарыялаардан бир күн мурда Венгриянын бийлиги өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин чектеген мыйзам кабыл алуунун планын бекиткен. Өкмөт башчы Орбан Венгрияда туулган Соросту "өлкөнүн саясатына кийлигишет, либералдык оппозицияны колдоп, мигранттарга жардам берет” деп айыптап жүрөт.

«Венгриянын өкмөтү биздин ишибиз жөнүндө жалган маалымат таратып, өз саясий пайдасы үчүн жарандык коомду репрессияга дуушар кылууда» деп айтылат эл аралык фонддун билдирүүсүндө.

"Сорос" фондунун Берлинге көчөрү апрель айында белгилүү болгон.

Венгриядагы башкаруучу "Фидес" партиясы 8-апрелдеги парламенттик шайлоодо жеңип, Виктор Орбан премьер-министрлик кызматта калган. Ал ушуну менен төртүнчү жолу министрлер кабинетин жетектеп жатат. Сынчылар Орбанды "Европага каршы биримдик түзүүдө, адамдардын эркиндигин чектеп жатат" деп айыптап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG