Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 00:08

Газадагы каршылык акциясынын курмандыктары жерге берилди


Газа сектору менен Израилдин чек арасындагы көрүнүш. 14-май, 2018-жыл.

Газа тилкесинде 14-майдагы каршылык акциясынын курмандыктары жерге берилди. Маркумдарды акыркы сапарга узатууга миңдеген палестиндик катышты.

БУУнун Коопсуздук кеңеши шейшембиде Газа тилкесиндеги кырдаалды чукул жыйында талкуулады. Жыйынды БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Николай Младенов ачып, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле ал эл аралык коомчулук Израил менен чек арада болгон кандуу окуяны "катуу айыптай" турганын белгиледи.

14-майда президент Дональд Трамптын чечими менен АКШнын элчилиги Тел-Авивден Иерусалимге көчкөн. Буга каршы чыккан элге чек арада Израил тараптан ок атылган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Газа тилкесиндеги нааразылык акциясынын курмандыктары 60тан ашты. Арасында 8 айлык наристе да бар. Каза тапкандардын баары палестиндер. Миңдеген киши түрдүү жаракат алган.

XS
SM
MD
LG