Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Токбаева: Сотторду дайындоо тууралуу ченемдин алынышы жаңылыштык болгон


Айнаш Токбаева.
Айнаш Токбаева.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети 15-майда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын 2017-жылдагы иштер тууралуу маалыматын укту.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Токбаева депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып учурда тажрыйбасыз судьялар тармакка кедергисин тийгизип жатканын белгиледи:

- “Беш жылдык тажрыйбасы бар соттор кызматка дайындалат” деген мурунку ченем алынып салынганы чоң жаңылыштык болгон, - деген Айнаш Токбаева "тармакты коррупцияга аралашкан судьялардан тазалаш керек" деген пикирлерди толугу менен колдой турганын айтты. Ал ошондой эле коррупция менен күрөшүү укук коргоо органдарынын милдетине кирээрин, алар ар бир факты боюнча иш алып барышы зарыл экенин кошумчалады.

Жогорку соттун төрайымынын маалыматына караганда, учурда сот тармагында заманбап технологиялар колдонулуп жатат. Облустук сотторго видео байланыш жабдыктары орнотулуп, онлайн режимде жергиликтүү соттордун судьялары менен пайда болгон маселелер талкууланып турат. Мындан тышкары Жогорку сот тарабынан жергиликтүү соттордун судьяларынын ишмердүүлүгүнүн сапаты менен натыйжалуулугун баалоо усулу иштелип чыккан. Ага ылайык, каралган иштердин сапаты жана алардын мыйзамда белгиленген мөөнөттө каралышы квартал сайын бааланат.

Комитет жыйынында депутаттар соттордун иши, тармактагы коррупция дале бар экенин айтып, сынга алышты. Жыйынтыгында Жогорку соттун 2017-жылдагы иши боюнча маалыматын эске алуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Жогорку соттун маалыматы жакында жалпы сессияда талкууланмай болду. (NT)

XS
SM
MD
LG