Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

Мамытов: Исаков ЖЭБ чуусу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышы керек


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Талант Мамытов ЖЭБ чуусу боюнча жоопкерчиликти мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков өзүнө алышы керек деп эсептейт.

Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Мамытов Исаков ЖЭБди кышка даярдоо боюнча жоопкерчиликтен качып жатат деп эсептейт:

- Исаков премьерлик кызматка жай айларында келген эле. Ал кышка даярдык боюнча ноябрь айында отчет берген. Ошондуктан Исаков жоопкерчиликти башкаларга жүктөбөстөн, өзүнө алышы керек, - деди Мамытов.

Исаков жоопкерчиликтен эч качан качпаганын айтты. Ал ЖЭБде кырсык болгондо элден кечирим сураганын, жоопкерчиликти өзүнө ала турганын дароо айтканын билдирди. Бирок ал кышка даярдык боюнча иштерди жакшылап иликтеп, ага чейин штабдын жетекчиси ким болгонун, кандай токтомдор чыкканын териштириш керек экенин кошумчалады. Ошондой эле эл аралык аудит өткөрүү зарылдыгын билдирди.

Талант Мамытов ЖЭБдеги коррупциялык иштерге жол берген жетекчилерди жазага тартып, насыяны алардын эсебинен кайтаруу зарыл деген оюн айтты.

2013-жылы 11-сентябрда Кыргызстандын парламенти ЖЭБди модернизациялоого Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашууну бекиткен. Ишти аткаруучу болуп кытайлык ТBЕА компаниясы дайындалган.

ЖЭБдеги авариядан кийин окуянын чоо-жайын, насыянын максаттуу пайдаланылышын иликтеген депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия "жооптуу" деген 30га жакын аткаминердин тизмесин түзүп, аларга укуктук баа берүүнү сунуш кылып жатат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өз дарегине айтылган пикирлер боюнча комментарий бере элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG