Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:10

Депутат "320 долларлык" деген аттиштин 2,5 миң сомдугун көрсөттү


Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаев "ЖЭБ үчүн 320 долларга сатып алынган" деген аттиштер топтомун көрсөткөн.

Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов буга чейин Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жетекчиси парламент трибунасынан көрсөткөн аттиштер тууралуу маалыматы жалган деп баалады.

Бүгүн парламент жыйынында сүйлөп жатып ал жакында өзү Бишкектеги бир топ базарлар менен дүкөндөрдү кыдырып чыкканын, дал ошондой эле аттиштер топтомун 2500 сом турарын көргөнүн айтып, аны депутаттарга алып келип көрсөттү.

“Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов "бул аттиштерди далил катары кылмыш ишине тиркеш керек" деген пикирин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында ЖЭБдеги авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБде авария болуп, шаар бир жума бою жылуулуксуз, бир топ жерлери жарыксыз калган. Бул боюнча кылмыш иши козголгондо "320 долларга аттиш сатылып алынган" деген маалымат тараган. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG