Коррупциялык кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган жана соттун чечими менен өндүрүлгөн каражаттар атайын эсепке топтолот.
Мындай эсепти ачууну бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков тийиштүү органдарга тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын маалымат бөлүмү кабарларды.
Президенттин тапшырмасын аткарыш үчүн Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жана Улуттук банктын жетекчилери чогулуп, кеңешме өткөрдү.
Буга чейин президент Жээнбеков "коррупция менен күрөштө досун да, тууганын да аябай турганын" баса белгилеген. (KR)