Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:20

Зариф: Евробиримдик менен жолугушуулар "жакшы башталды"


15-майда Боюсселде Ирандын, Британиянын, Франциянын жана Германиянын тышкы иштер министрлери жолугушту.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Мухаммад Зариф Тегеран жана Европа мамлекеттеринин АКШ чыгып кеткен 2015-жылдагы өзөктүк келишимди сактап калуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн башталышын "жакшы" деп баалады.

Ал бул тууралуу 15-майдын кечинде Боюсселде Британиянын, Франциянын жана Германиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушуудан кийин билдирди. “Биз туура жолдо баратабыз. Баары биз алдыдагы жумаларда эмне кыла аларыбыздан көз каранды болот” деди 90 минуттук жолугушуудан кийин Зариф.

Жолугушууга катышкан Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини төрт министр өзөктүк келишимди сактап калуу боюнча практикалык чечимдерди табууну көздөй турганын билдиришкенин маалымдады.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф өзөктүк келишимге кол койгон өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушууларын аяктады. Ал буга чейин Кытайга жана Орусияга барган.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. Бирок 8-майда АКШ көп тараптуу бул келишимден чыгарын жарыялап, өз кадамын документ Иранды өзөктүк куралга ээ болуудан токтото албай турганы менен түшүндүргөн. Келишимге кол койгон башка өлкөлөр аны сактап калуу ниеттерин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG