Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Момбеков: ЖЭБ чуусу боюнча Атамбаев менен Жээнбековду да сураш керек (видео)


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча талкууга азыркы жана мурдагы президенттерди чакырып сураш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламентте сүйлөп жатып айтты:

- Аткаруучулар камалып отурат. Жети бала камалды. Ал эми башкаруучулар биякта отурбайбы! Бир депутат Алмазбек Шаршеновичтин атын айтты. Сапар Жумакадырович "Сооронбай Шариповичти" дейт. Эркиңер жетеби, урматтуу комиссия, экс-президентти да, азыркы президентти, өкмөт башчыны (ал кезде биринчи вице болуп отурган) да чакыргыла! Бул жерде отуруп алып айлантып-айлантып элге шылдың болбой. Чакыргыла, Алмазбек Шаршенович келет, Сооронбай Шарипович келет. Жооп беришсин! Ошондо чындыкка жетесиңер. Мамлекеттик комиссия түзүш керек болчу.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында ЖЭБдеги авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат.

Комиссия 30га жакын аткаминердин фамилиясы жазылган корутунду чыгарган болчу.

Ошол тизмедегилердин бири, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып бул тизмеге президент Сооронбай Жээнбековдун да аты жазылышы керек болчу деген пикирин айткан.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG