Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:57

Орусия: футбол маалында миграциялык каттоого үч күн берилет


Ростов-на-Дону шаарындагы стадиондун көрүнүшү. 12-май, 2018-жыл.

12-майда Орусиянын президентинин "Дүйнөлүк футбол чемпионатынын убагында коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө" буйругуна өзгөртүү киргизилген.

Ага ылайык чемпионат убагында чет өлкөлүктөр миграциялык каттоого үч күн ичинде турушу керек. Бул маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да ырастады.

Мурда Дүйнөлүк футбол чемпионаты өтүүчү 11 шаарда 25-майдан 25-июлга чейин чет өлкөлүктөрдөн бир күн ичинде келген же жашаган жерине миграциялык каттоого туруу талап кылынган. Орусияда футбол чемпионаты 14-июндан 15-июлга чейин Москва, Санкт-Петербург, Казань, Волгоград, Екатеринбург, Калининград, Ростов-на-Дону, Нижний Новгород, Самара, Саранск жана Сочи шаарларында өтөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы эмгек мигранттарын футбол оюндарынын убагында сак болууга чакырган. Министрлик өз билдирүүсүндө кыргызстандыктарга чемпионат өтчү шаарларга баруудан карманып турууну сунуш кылган.

Москвадагы кыргыз элчилиги бул шаарларда жарандарга укуктук жана кеп-кеңеш жагынан жардам көрсөтүүчү атайын штабдар түзүлгөнүн, "ыкчам байланыш" телефондору иштей турганын маалымдайт. (LzT/KR)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG