Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Воропаев: Аттиштин баасы шарттуу түрдө эле көрсөтүлгөн (видео)


Андрей Воропаев Жогорку Кеңеште маалымат берүүдө. 10-май, 2018-жыл.
Андрей Воропаев Жогорку Кеңеште маалымат берүүдө. 10-май, 2018-жыл.

"Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) сатылып алынды" деген аттиштердин баасы документтерде шарттуу түрдө эле жазылган. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” ишкананын азыркы директору Андрей Воропаев билдирди:

- Контракт боюнча Кытай тарап шаймандардын баасын көрсөтпөй коюуга укуктуу болчу. Бирок биздин мыйзамдар боюнча аларды бухгалтерияга каттоого алыш үчүн баасын көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Ошондуктан биз улам сурап жатып, Кытай тараптан анын баасын көрсөтүүнү өтүндүк. Акыры алар макул болуп, аттиштердин тушуна баасын жазган. Бирок "бул шарттуу эле көрсөтүлгөн баа" деп эскертишкен. Ал жерде жазылган баа чынында же арзаныраак, же кымбатыраак болушу мүмкүн.

ЖЭБди модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага 386 миллион доллар кеткени кабарланган. Бул каражатты Кытайдын “Эксимбанкы” насыя катары берип, модернизация иштерин TBEA компаниясы жүргүзгөн.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБде авария болуп, шаар бир жумадай жылуулуксуз, бир топ жерлери жарыксыз калган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон. "ЖЭБди модернизациялаш үчүн 320 долларлык аттиштер сатылып алынды" деген маалымат тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүлгөн жана ал “жоопкерчилигин карап көрүш керек” деп 30дай аткаминердин тизмесин түзгөн. Бүгүн комиссиянын корутундусу парламенттин жалпы жыйынында талкууланууда.

Өткөн аптада Воропаев депутаттарга модернизациянын алкагында "ЖЭБ үчүн 320 долларга сатып алынган" деген аттиштер топтомун көрсөткөн.

- Мындай топтом экөө. Кытайлыктар аны аттиш деп коет. Топтом 320 доллар турат, - деп билдирген ал.

Бирок ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу "Улуттук энергохолдинг" коомчулукка жарыялаган аспаптар топтому жана конвейер тасмасы ишканадагы авариядан кийин гана сатып алынганын айтып чыккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG