Президентке караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кыргызстандык мусулмандарды Рамазан айынын кирип келиши, орозонун башталышы менен куттуктады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө бул ай кечиримдүүлүккө, ыймандуулукка, кайрымдуулукка жана кең пейилдүүлүккө чакырары белгиленет.
"Жалпы журтташтарыбызды кирип келген орозо менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай, тынчтык, ынтымак менен бирге өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүн каалайбыз. Орозо кут болсун!" - деп айтылат куттуктоодо.
Быйыл орозо 17-майда башталарын муфтий Максатбек ажы Токтомушев билдирген. Мындай чечим 11-майда Аалымдар кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар албай жүрүү - ислам дининдеги негизги беш парздын бири.
Рамазан айы айт майрамы менен жыйынтыкталат.