Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 04:46

Тажикстан менен Беларустун ортосунда 15 келишимге кол коюлду


Эмомали Рахмон менен Александр Лукашенко. Дүйшөмбү шаары, 15-май, 2018-жыл.

Беларус президенти Александр Лукашенконун Тажикстандагы үч күндүк иш сапарынын убагында ал президент Эмомали Рахмон менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Жолугушууда эки тараптуу 15 келишимге кол коюлган. Бул тууралуу Тажикстан президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, Минск менен Дүйшөмбү 2019-2020-жылдагы эки тараптуу кызматташтык жөнүндөгү “жол картасына” кол койду. Дүйшөмбү шаарында тажик-беларус форуму да өтөт, ага Ооганстандан келген ишкерлер да катышмакчы.

XS
SM
MD
LG