Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 11:28

Туск Трамптын Иран келишиминен чыгышын сындады


Дональд Туск.

Европа Кеңешинин президенти Дональд Туск АКШнын президентинин администрациясын сындады. Ал мындай пикирин 16-майда Болгариянын борбору София шаарында боло турган Европа Биримдигинин лидерлеринин саммитин утурлай билдирди. Аталган саммитте АКШнын Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимден чыгышы жана санкцияларды кайрадан киргизүү аракети да талкууланат деп күтүлүүдө.

- Кытайдын өсүүсү, Орусиянын агрессиялык позициясы сыяктуу адат болуп калган саясий проблемалардан тышкары, бүгүн биз дагы бир кубулушка күбө болуп жатабыз. Бул - Америка администрациясынын өжөр бой көтөрүүсү, - деди Дональд Туск журналисттерге.

Немис канцлери Ангела Меркел АКШнын келишимден чыккан чечими туура эмес болду деген көз карашын бүгүн парламентте сүйлөп жатып дагы бир жолу кайталады:

- Бул макулдашуу идеалдуу эмес. Бирок Иран, МАГАТЭнин маалыматы боюнча, өзүнө алган милдеттемелерди аткарып жатат, - деди Меркел.

Буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Жавад Мухаммад Зариф Тегеран жана Европа мамлекеттеринин АКШ чыгып кеткен 2015-жылдагы өзөктүк келишимди сактап калуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн башталышын "жакшы" деп баалаган. Ал 15-майдын кечинде Брюсселде Британиянын, Франциянын жана Германиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушуудан кийин “Биз туура жолдо баратабыз... Баары биз алдыдагы жумаларда эмне кыла аларыбыздан көз каранды болот” деп айтты. Зариф буга чейин Кытайга жана Орусияга барып аталган маселени талкуулаган.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. Бирок 8-майда АКШ көп тараптуу бул келишимден чыгарын жарыялап, өз кадамын документ Иранды өзөктүк куралга ээ болуудан токтото албай турганы менен түшүндүргөн.

Келишимге кол койгон башка өлкөлөр аны сактап калуу ниеттерин билдиришкен.

Трамп эгер кайсы бир өлкө Ирандын өзөктүк программасына жардам берсе, Вашингтондун санкцияларына кабылышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG