Коррупцияга байланыштуу шек саналып жаткан аткаминерлердин мүлкүн жана өзүлөрүн убактылуу камакка алыш керек. Бүгүн парламент жыйынында сүйлөп жатып Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Азизбек Турсунбаев ушундай сунушун айтты:
- "ЖЭБ – бул башталышы эле, “Датка-Кемин” жана башка жерлерде коррупция кандай кетип жатканын жакшы билебиз" деп эл айтууда. Мурда укук коргоо органдары акчасын алып чыгып, мүлкүн сатып качып кетүүгө убакыт берчү. Бүгүн андай кылбаш керек. Азыртан коррупцияга шектүүлөрдү мүлкүн жана өзүлөрүн убактылуу арестке коюш керек. Эгер күнөөлүү эмес болсо акталышы керек. Мыйзам алдында баары бирдей. Уурунун орду түрмөдө! Кийинки келген жетекчилерге бул сабак болушу зарыл.
Жогорку Кеңеш бүгүнкү сессиясында ЖЭБдеги авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоону улантып жатат.
Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана башка жооптуу жетекчилер жооп берүүдө. Комиссия 30га жакын аткаминердин фамилиясы жазылган корутунду чыгарган болчу.
Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон.
"Аварияга жана жемкорлукка айыптуу" деген тарап күнөөсү жок экенин, Кытай тарап менен келишим мыйзам чегинде иштелип чыгып, кабыл алынганын айтууда. (RK)