Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Жумабеков Момбековго: Сабырдуу болуңуз, бурбаңыз (видео)


Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырдаалды талкуулаган парламент жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков кайым айтышты.

Момбеков жыйындын жүрүшүндө тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимовго борбордук трибунадан сөз берилишине нааразылыгын билдирди. Депутат "мурда кызматынан бошотулган кызматкерлерди парламентке эксперт катары чакырып сөз берүү туура эмес" деген пикирин айтты.

Төрага Жумабеков ал бүгүнкү жыйынга депутаттык комиссиянын чечиминин негизинде чакырылганын түшүндүрүп, депутатка кескин жооп берди.

- Эмнеге сөз бересиз буларга. Булар эмне, экспертпи? Биз булардын пикирин укканбыз. Кеткендердин баарын ортого чыгарып сөз берген туура эмес, - деди Момбеков.

- Жыргаганынан чыккан жок бул жерге. Суроо туулуп жатат – чыкты. Сиз бурбаңыз эч жакка. Сабырдуу болуңуз! Мен туура эле алып барып жатам, - деп жооп берди Жумабеков.

Бешимов Бишкек ЖЭБи боюнча Кытайдын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси жиберген катты Бээжиндин расмий позициясы катары кабыл алууга болбой турганын билдирген эле.

Буга чейин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев аталган кат Кытай тараптын расмий позициясын чагылдыраарын кабарлаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG