Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Мирзиёев: Адам укуктары боюнча жылыш "артка кайткыс"


Шавкат Мирзиёев жана Дональд Трамп Ак үйдөгү жолугушууда. 16-май, 2018-жыл.
Шавкат Мирзиёев жана Дональд Трамп Ак үйдөгү жолугушууда. 16-май, 2018-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөсүндө адам укуктары жаатында буга чейин жетишилген жылыштар “артка кайткыс” экенин АКШнын президенти Дональд Трамп менен 16-майдагы жолугушуусунда билдирген. Бул тууралуу Ак үй кабарлады.

Президенттердин Вашингтондогу сүйлөшүүлөрүнөн соң АКШ менен Өзбекстан эки өлкөнүн “стратегиялык өнөктөштүгүнүн жаңы доору” тууралуу билдирүү кабыл алышты.

Эки лидер ошондой эле терроризмге каршы күрөштө, Өзбекстандын коңшусу Ооганстандагы тынчтыкты, туруктуулукту, экономикалык өнүгүүнү колдоодо кызматташууну макулдашты.

Экономикалык маселелерден Мирзиёев Өзбекстан Дүйнөлүк Соода уюмуна кирүүнү көздөп жатканын жарыялап, президент Трамп АКШ Ташкентке соодасын жана экономикалык саясатын либералдаштыруу жагынан техникалык жардам көргөзөрүн айткан.

Шавкат Мирзиёевдин бул барышы Өзбекстандын президенти катары Кошмо Штаттардагы алгачкы расмий сапары болду.

Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримов АКШда расмий сапар менен акыркы ирет 2002-жылы болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG