АКШнын президенти Дональд Трамп бул тууралуу 16-майда Ак үйдөн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда кабарчылардын суроолоруна учкай жооп берип жатып билдирди.
“Көрөбүз, эч кандай чечим, эч кандай кабар келген жок, эмне болорун убакыт көргөзөт”, - деди Трамп.
Буга чейин кечээ Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс "Fox News" телеканалы менен болгон маегинде АКШ тарап азыр да мурдагыдай эле "саммит болот деген үмүттө турганын", ошол эле учурда "катаал сүйлөшүүлөргө даяр экенин", кокус саммит өтпөсө Түндүк Кореяга "максималдуу кысым жасоо өнөктүгү" улантыларын белгилеген.
Кечээ Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасы Пхеньян Сеул менен 16-майга министрлер деңгээлинде белгиленген сүйлөшүүдөн баш тартканын жарыялап, буга АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик машыгуулары токтобой жатканын жүйө келтирген.
Пхеньяндын билдирүүсүндө Кошмо Штаттар да АКШ - Түндүк Корея саммитинин “тагдырын этият ойлонушу” керек экендиги айтылган.
Эки Кореянын лидерлери быйыл 27-апрелде чек арада, демилитаризациялык аймакта жолуккан.
Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын “тарыхый” деп мүнөздөлгөн саммити 12-июнда Сингапурда өтөрү жарыяланган.
Бул саммитти утурлай АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Пхеньянга эки жолу барып, Ким Чен Ын болсо өз өлкөсүнүн башкы саясий жана экономикалык өнөктөшү болгон Кытайга эки жолу келип кеткен.
АКШ алдыдагы жолугушуунун эң башкы жыйынтыгы Пхеньяндын өзөктүк куралдан толугу менен баш тартуусу болушу керек жана бул “ишенимдүү текшерүү” аркылуу ырасталышы зарыл деп эсептейт. (UE)