Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Алтыбаева: ЖЭБ боюнча соттошсок эгемендиктен айрылабыз (видео)


Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо долбооруна байланыштуу Кытай менен соттошсо Кыргызстан эгемендигинен айрылып калышы ыктымал.

Мындай кооптонуусун бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева билдирди:

- Ишти Гонконг сотунан каратуу бул жерде Кыргызстандын пайдасына эмес жазылган. Эл аралык аудит жүргүзүп, бул 30% модернизациянын чыныгы баасын билгибиз келет. Бирок соттук териштирүү жүрсө анын соңунда суверенитетти жоготуп алуу коркунучу бар.

​Депутаттын айтымында, Кытай тарап менен түзүлгөн келишимде "ортодо маселе жаралса Гонконг сотунда гана каралышы керек" деген норма жазылган.

Жогорку Кеңеш бүгүнкү сессиясында ЖЭБдеги авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоону улантып жатат.

Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана башка жетекчилер жооп берүүдө. Комиссия 30га жакын аткаминердин фамилиясы жазылган корутунду чыгарган болчу.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

"Аварияга жана жемкорлукка айыптуу" деген тарап күнөөсү жок экенин, Кытай тарап менен келишим мыйзам чегинде иштелип чыгып, кабыл алынганын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG