Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Ички иштер министрлиги менен бирге өткөргөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Бишкекте отузга жакын казино аныкталды.
Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди.
Анын айтымында, Кылмыш-жаза кодексинин 259-1 ("Тыюу салынган кумар оюндарын уюштуруу жана ойнотуу") беренеси менен иш козголду.
Учурда казинолордогу оюн жабдыктары, буюм-тайым, үстөлдөр алынды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.
Буга чейин Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында казинолорду аныктоо жүрүп жатканын кабарлаган.
Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган. Тыюу салынганына карабай, кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп жатканын Жогорку Кеңештин депутаттары айтып келатышат. (TSh)