Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Масалиев: Экс-президент да жоопко тартылгыдай болсун (видео)


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев ""Кыргызстандын экс-президенти" деген макамы барларга кол тийбестик кепилдигин берген мыйзамды өзгөртүш керек" деген пикирин бүгүн да ЖЭБ чуусу талкууланып жатканда парламенттин трибунасынан кайталады.

- Мамлекетти ким башкарганы ачык көрүнүп жатат. Башкарган киши мамлекетти бийлеген. Президент премьер-министрдин башын аттап түзмө-түз министрге буйрук бергени мыйзамга туура келбейт. Бул Конституцияны бузуу деген сөз. Мыйзамды өзгөртүшүбүз керек. Иштеп жаткан президентти импичмент аркылуу жоопко тартса болот экен. Депутатты да тартса болот. Экс-президентти эч ким эч качан эч нерсеге тарта албай экен да. "Кыргызстанда бир гана адам эч нерсеге жооп бербейт" деген Конституцияга да туура келбейт. Анын биринчи беренесинде “мыйзам алдында баары тең” деп жазылган.

Жогорку Кеңеш бүгүнкү сессиясында Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоону улантып жатат.

10-майда парламентте сүйлөп жатып Масалиев ЖЭБди модернизациялоого экс-президент Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин айтып, андан кол тийбестик макамын алууну сунуш кылган болчу.

Жыйында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Атамбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча түз тапшырма бербегенин айткан.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Окуяны териштирүү үчүн парламентте убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, ал 30га жакын аткаминердин аты жазылган корутунду жарыялаган.

"Аварияга жана жемкорлукка айыптуу" деген тарап күнөөсү жок экенин, Кытай тарап менен келишим мыйзам чегинде иштелип чыгып, кабыл алынганын айтууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG