Бул тууралуу "Азаттыкка" Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуу департаментинин жетекчиси Улан Озумбеков билдирди.
Анын айтымында, тендер өткөргөн комиссияларга байланыштуу жалпысынан миңге жакын арыз түштү. Кыргызстан жыл сайын болжол менен 40 миллиард сомдон ашык акчаны мамлекеттик сатып алууга коротот. Бул жалпы бюджеттин 40 пайызын түзөт. Өлкө 2015-жылы мамлекеттик сатып алууну толугу менен электрондук системага өткөргөн жана атайын портал түзүлгөн. Анда ушул тушта кызмат, товар сатып алган 3,5 миңдей мекеме-уюм жана 15900 жалданма фирма катталган.
Бүгүн Ысык-Көлдө мамлекеттик сатып алууну натыйжалуу башкаруу маселелерине арналган экинчи эл аралык жыйын башталды. Ага Орусия, Грузия, Украина, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Улуу Британия мамлекеттеринин өкмөт өкүлдөрү, эксперттер келди. Иш-чараны Финансы министрлиги "Crown Agents" эл аралык компаниясынын колдоосу менен өткөрүп жатат. (EBM)