Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:20

Малайзияда мурдагы премьердин үйүнө тинтүү жүргүзүлдү


Малазиянын полициясы Нажиб Разактын Куала-Лумпурдагы үйүнө келген учур. 16-май, 2018-жыл.
Малазиянын полициясы Нажиб Разактын Куала-Лумпурдагы үйүнө келген учур. 16-май, 2018-жыл.

Малайзиянын бир жума мурун кызматтан кеткен премьер-министри Нажиб Разактын үйүндө он эки саатка созулган тинтүү жүргүзүлдү.

Өлкөнүн учурдагы премьер-министри Махатхир Мохамад буга байланыштуу Куала-Лумпурдагы басма сөз жыйынында полицияда бул үчүн “жетиштүү жүйө” бар экенин белгиледи:

- Биз ким катышканына карабай бардык кылмыш иштерин иликтөөнү тапшырдык. Бул иликтөөлөр өзгөчө өкмөттүк мекемелерди, антикоррупциялык агенттикти, полицияны, башкы аудиторду, калган мамлекеттик институттарды да камтыйт.

Мурдагы премьер Нажиб Разак өзү негиздеген мамлекеттик фонддогу коррупциялык жаңжалга байланыштуу айыпталууда.

"Бул фонд аркылуу миллиарддаган доллар адалданган" деген шек менен иликтөө Малайзиядан бөлөк алты мамлекетте да жүрүп жатат.

Мурдагы премьер-министрдин аппаратында иштеген бир нече чиновниктин үйүндө жана кеңселеринде тинтүү болду. Өлкөнүн жаңы өкмөт башчысы Махатхир Мохамад Нажиб Разакты жана анын жубайын Малайзиядан чыгарбоого көрсөтмө берген.

92 жаштагы Махатхир Мохаммад премьерликке 15 жылдык тыныгуудан соң өткөн аптадагы парламенттик шайлоонун натыйжасында кайтып келди. (EZK/UE)

XS
SM
MD
LG