Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Жээнбеков мөөнөтү өткөн кылмыш иштерин токтотуу маселесине көңүл бурду


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазык ишин кыскартып, кылмышкерди жоопкерчиликтен куткаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу - ойлоно турган маселе. Мындай пикирин бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин биринчи жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Президент мунун айынан укук коргоо жана сот органдарынын кылмыштын бетин ачуу, күнөөлүү адамды издөө жана табуу боюнча бардык күч-аракети текке кетип жатат деп эсептейт.

Жээнбеков күнөөлүү адамдын кылмышы аныкталбай, зыяндын ордун толтуруу маселеси чечилбей эле жазык иши соттук акт менен жокко чыгып каларын белгиледи:

- Бул маселе кыйла кылдат иштеп чыгууну талап кылат. Себеби кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кетсе да күнөөлүү адамдын аракеттерине юридикалык баа берилип, алардын күнөөсү аныкталышы керек жана зыяндын ордун толтуруу маселеси милдеттүү түрдө чечилүүгө тийиш.

Азыркы мыйзамдарга ылайык, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткенде кылмыш кылган адамдын күнөөсүн аныктабастан эле соттор жазык ишин токтотот.

XS
SM
MD
LG