Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:20

ЕБ АКШнын Иран санкцияларынан коргонуу жараянын баштайт


Евробиримдик лидерлери Софиядагы саммитте. 17-май, 2018-жыл.
Евробиримдик лидерлери Софиядагы саммитте. 17-май, 2018-жыл.

Евробиримдик Иранда бизнес жүргүзгөн европалык фирмаларды АКШ санкцияларынын таасиринен коргой турган эрежени кайра активдештирүү жараянын 18-майда баштайт.

Бул тууралуу Евробиримдик лидерлеринин Болгариядагы жыйынынан кийин бүгүн Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер билдирди.

“Биз компанияларыбызды, Иранга инвестиция жасаган орто жана чакан ишканаларды коргошубуз керек, аларды жалгыз калтыра албайбыз",-деди Юнкер.

Евробиримдиктин тосмо эрежеси алгач 1996-жылы АКШнын Кубага каршы санкцияларына жооп чара катары иштелип чыккан. Ал эреже Евробиримдиктин компанияларына биримдиктен сырткары тараптын мыйзамдарын сактабоого уруксат берет.

Жан-Клод Юнкер Евробиримдиктин лидерлерин Европанын инвестиция банкына Европа компанияларынын Ирандагы инвестициясын колдоосуна мүмкүндүк берүүнү чечкенин, Еврокомиссия Иран менен кызматташтыгын “сактай турганын” кошумчалады.

Мурдараак Франциянын энергия гиганты - Total компаниясынын билдиргенине караганда, ал Ирандан эгер АКШнын санкцияларынан жеңилдик болбосо кетет.

Ушундай эле пландарын Германиянын камсыздандыруу секторунда иш жүргүзгөн Allianz жана Даниянын танкер жасоочу Maersk компаниялары да жарыялашкан.

Бул АКШнын Иранга карата калыбына келген жана калыбына келүүчү санкцияларынан улам Европа компаниялары аталган өлкө менен иш жүрүгүзүүдө туш келүүчү кыйынчылыктарды көргөзүп турат.

2015-жылкы келишимде Иран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, ага каршы эл аралык санкциялар жоюлгандан кийин Тегерандын Европа жана Азия менен бизнес алкалары жанданган.

Европанын бир нече ири компаниясы Иран менен миллиарддаган доллардык инвестициялык келишимдерди түзгөн.

Маселен Франциянын Total компаниясы Ирандын эң ири Түштүк Парс газ кенин иштетмек болгон.

АКШ 8-майда 2015-жылкы келишимден чыкканын жарыялаганда, президент Дональд Трамп Иранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирүүнү караган документке кол койгон.

Өткөн аптада АКШнын Каржы министрлиги чет элдик компанияларга алар америкалык санкцияларды бузду деген айыпка жыгылбаш үчүн Тегеран менен бизнесин үч-алты ай аралыгында токтотуусу керектигин кабарлаган.

АКШ президенти 2015-жылкы келишимден чыгуу чечимин Иран бийлиги баллистикалык ракеталарын сынап, террористтик ишмердикти каржылап, ал макулдашуунун маңызын бузганы менен түшүндүргөн.(UE)

XS
SM
MD
LG