Парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы бүгүн Аймактарды өнүктүрүү жылы боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат угат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков жыл башында 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган. Анын алкагында тиешелүү мекемелерге 2018-2023-жылдарга аймактардын өнүгүшү боюнча программа иштеп чыгуу боюнча тапшырма берилген.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда айыл өкмөттөрдүн 80 пайызы дотацияда. 483 айыл өкмөттүн 382си борбордук казынага көз каранды. Акыркы төрт-беш жыл ичинде дотацияда отурган айыл өкмөттөр азайган эмес. (NT)