Кыргызстанда гемодиализде кезек күткөндөр жок. Бөйрөк дартына чалдыккан бейтаптардын баары мамлекеттик акысыз гемодиализ кызматын алып жатышат. Кезекте турган 112 бейтап да ушул программага киргенин Жасалма бөйрөк жабдуусуна байланган бейтаптар биримдигинин жетекчиси Венера Ташманбетова билдирди.
Буга чейин кезекте турган 11 бейтап быйыл каза болуп калды. Кыргызстанда өнөкөт бөйрөк дарттары менен 1500дөн ашуун адам каттоодо турат. (BCh)