Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Жина Хаспел АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгына директор болду


Жина Хаспел.
Жина Хаспел.

АКШнын Сенаты Борбордук чалгын башкармалыгынын директорунун кызматына Жина Хаспелдин талапкерлигин бекитти.

Борбордук чалгын башкармалыгындагы аялдардан чыккан биринчи жетекчи болгон Хаспел 33 жыл бою ушул мекемеде иштеп, акыркы кезде директордун милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Хаспелдин талапкерлиги оппозиция аны "сурактын катаал ыкмаларын колдонгон" деп сындаганына карабай бекитилди. Ага карата 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттарга байланыштуу шектүү катары кармалгандарды суракка алуу боюнча сын айтылып, бул ыкма кыйноо менен салыштырылган.

Жина Хаспел Борбордук чалгын башкармалыгындагы карьерасында жашыруун кызматкер катары эмгектенген. 2002-жылы мекеменин Тайланддагы резиденти болгон. Ал жакта башкармалык жашыруун түрмөдө ар кандай ыкмаларды колдонуп, сурак жүргүзгөнү айтылган. Үч жылдан кийин бул сурактар тартылган видео жазууларды жок кылууга буйрук берилгени кабарланган.

XS
SM
MD
LG